ЖККУнун аскерлери Казакстанда абал “толук турукташканга чейин” калат

Казакстанга жөнөтүлгөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлери Алматы шаарындагы жана анын айланасындагы “стратегиялык объектилерди” өз көзөмөлүнө алышты. Бул тууралуу ЖККУнун өлкөдөгү контингентин башкарып жаткан генерал-полковник Андрей Сердюков билдирди.

Анын айтымында, аскерлер Казакстанда “өлкөдөгү абал толук турукташканга чейин” калат.

Алматыдагы башаламандыктарга байланыштуу ЖККУга жардам сурап кайрылган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев уюмдун аскерлери өлкөгө кыска гана мөөнөткө киргизиле турганын айткан. Казак бийлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө кырдаал турукташа баштады. Жекшемби күнү эч кандай атышуу болгон жок, нааразылык акциялар да өткөн жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.