ЖКда жарандардын арыз-муңун кабыл алуучу почта иштей баштады

Эми жарандар даттанууларын, арыз-муңун, кандайдыр бир мыйзам бузуулар тууралуу же туура эмес мамилелердин оруналгандыгын өкмөт тарабынан түзүлгөн атайын почтага жайгаштыра алышат.

pravoporyadok7@gmail.com Бул почта укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү үчүн, ошондой эле өзгөчө абал учурунда жарандар менен эффективдүү жана үзгүлтүксүз байланышта болуу үчүн кызмат кылат.

Почтага келген каттар каралып, өз убагында чара көрүү жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарга жиберилет.

Андыктан, даттанган жаранга кайра байланышка чыгуу үчүн кат жазган адам өздүк маалыматтарын, байланыш телефонун калтырууга тийиш.

Кайрылуулар үчүн электрондук почта: pravoporyadok7@gmail.com

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген