ЖК депутаты гимнди туура эмес ырдап сынга кабылды

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаевдин КРнын гимнин  туура эмес  ырдаганы социалдык тармактарда катуу талкууга кабылды. Видеону көргөн эл чиновниктин ырдаганына бир четинен күлкүлөрү келсе, экинчи жагынан эл өкүлүнүн гимнди билбегенине нааразычылыктарын айтып жатышат.

Окуя бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги бешинчи сессиясында болгон. Анда  Жогорку Кеңештин депутаттарынын кээ бирлери  гимнди өздөрү ырдашса айрымдары  ырдап жаткан түр көрсөтүшкөн. Ал эми Пархат Тулендыбаев создөрдү туура эмес айтып ырдаган.

Андан соң, видеодо көрүнүп тургандай “Апрель” телеканалынын журналисти гимнди ырдап берүүсүн суранган. Депутат гимндин сөздөрүн  башкача кылып ырдап берген.

Пархат Тулендыбаев “Республика-Ата-Журт” фракциясынын алтынчы чакырылышындагы КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. Анда алты фракция бар.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген