Жириновский Украинаны жаңы жыл түнү бомбалоого үндөдү

Мамдуманын депутаты жана ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский “Биринчи каналдын” эфиринде Украинаны 1-январга караган түнү бомбалап баштоого чакырды.

Орусиялык саясатчы эгер өлкөнүн президенти болсо, ойлонбой туруп ушундай буйрук бермек экенин белгиледи. “Таңкы саат төрттө, баары алакүү болуп калганда”, – деп кошумчалады ал.

Күн мурун Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украина Орусиянын курамына кошулушу керектигин айтып чыккан.

“Украина биздин өлкөгө кошулушу керек, бул – биздин аймак”, – деген Кадыров эгер ага бул маселени чечүү тапшырмасы берилсе, эчак эле аткармактыгын, бирок “мамлекеттик келишимдер” тоскоол болуп жатканын билдирген.

Орусиялык саясатчылардын мындай кескин билдирүүлөрү Орусия менен Украинанын чек арасындагы кырдаал курчуган учурда айтылууда. Батыш атайын кызматтары Москва коңшу өлкөгө кирип баруу үчүн ири масштабда даярданып жатканын билдирүүдө. Кремль мындай билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.