Жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белги берилет

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  өзгөртүү киргизилген  мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Максаты жергиликтүү кеңештердин депутаттарын төш белгилер менен камсыздоо тартибин өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүсүн, ошондой эле алар жөнүндөгү Жобону мыйзам аркылуу эмес, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилиши каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Белгилей кетсек,  2016-жылдан бери жергиликтүү кеңештердин эл өкүлдөрүнө төш белги берилбей калган.

сүрөт:  maralfm.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген