Жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү жылдырылышы мүмкүн

Коронавирустан коргонуу максатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 12-апрелге белгиленген шайлоо өнөктүгүн да жылдыруу зарыл.

Мындай сунушун БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, сунуш Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабековага, анын орун басарларына жана комиссиянын айрым мүчөлөрүнө да оозеки айтылган:

“Бул менин жеке оюм. Учурда көрүп жатасыңар, өкмөт массалык иш-чараларды чектеп жатат. Шайлоого даярданып жаткан саясий партиялардын үгүт иштери да массалык иш-чарага кирет. Чектөөдөн улам алар эл аз бата турган имараттарда жолугушуу өткөрүп, үгүт жүргүзө беришет. Бирок муну менен элдин ден-соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, үгүт иштерин да, шайлоону да жылдыруу зарыл деп эсептейм”,-деди Гүлнара Журабаева.

Бул сунуш азырынча Боршайкомдун отурумуна коюла элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген