Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда өлкөнүн парламентинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоонун жүрүшүнүн толук ачык-айкындуулугун, шайлоо кампаниясына бардык саясий партиялардын катышуусун жана аларга бирдей шарттарды түзүүнү камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында айрым шаарларда жарандарды массалык каттоо боюнча жакында болгон окуяны эске салып, шайлоо процессинин айрым субъектилеринин мындай кадамдарына тынчсыздануусун билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардык даярдык иш-чаралары өлкө мыйзамдарына ылайык өтүп жатканын билдирди.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, 25 айылдык кеңешке аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервдөө колдонулат. Ал алдыдагы шайлоолордо жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуусун 38 пайызга чейин көбөйтүүгө негиз болуп бере алат. Айылдык кеңештердге бардыгы болуп 375 депутат шайланат, алардын 142 мандатына аялдар келе алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген