Жергиликтүү ишканалардан чыккан беткаптар сатыкка чыга баштады

Кыргызстандын өзүнөн күнүнө 5-10 миң даанадан чыгарылган беткаптар бүгүн, 16-мартта сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирус илдетине байланыштуу өлкөдөгү дарыканалардын дээрлик баарында беткаптар түгөнүп калган эле. Анткени аталган продукциялар  Кытай, Орусия жана Казакстандан импорттолуп турган.

Коронавирус илдети дүйнөгө жайыла баштагандан бери өлкөдө беткап тартыштыгы күч алган. Натыйжада, кийим тиккен жергиликтүү ишканалар медициналык беткаптарды даярдоого өттү.

Чыгарылган бет каптардын жукасы 20 сом болсо, калыңы 60 сомдон сатылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген