Жер семирткичтердин кымбатташы дыйкандарды түйшөлтүүдө

Өлкөдө жер семирткичтердин баасы өткөн жылдагыга салыштырмалуу кымбаттап, айрым түрлөрү тартыш болууда. Мындай абал жөнгө салынбаса дыйкандар зыянга учуроо алдында турушат.

Быйыл соода жайларына жер семирткичтер  аз-аздан гана алынып келип жатат. Өткөн жылдары бир күркөгө апта сайын 30 тоннадан семирткичтер келип турса, быйыл эки эсе кыскарып кеткен. Мунун себебин сатуучулар жолдун алыстыгы менен түшүндүрүшөт.

Мындан улам жер семирткичтердин  баасы  көтөрүлүп кетти. Алсак, азоттун килограммы 24 сом болсо, мочевина 28 сомго жетти. Баанын мындай бийиктикке жетиши дыйкандарды түйшөлтүп, каражаттын жоктугунан керектүү дарыларды ала албай жатышат.

“Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасы жөнгө салынды, эми дарылар арзан болуп, жер түшүмдү жакшы берет деп үмүттөнгөн элек. Бирок андай болгон жок, өткөн жылы арзан болгон экен”,- дейт дыйкан Рахманжан Мамажанов.

Ош облусунун жетекчилиги  минералдык жер семирткичтердин баасы былтыркыга салыштырмалуу 4 сомго жогорулап  кеткенин  аныктаган. Буга Өзбекстандан келчү дарыларды чек арадан ортомчулар  дүң баада алып,  андан ары Тажикстанга экспорттоп жатканы себеп дешет. Ошондуктан, биринчи кезекте жергиликтүү дыйкандарды арзан баадагы жер семирткичтер менен камсыз кылып берүү сунушун айыл-чарба минисрлигине жиберишкендигин маалымдашты.

“Достук” бекетинен чыккан жер семирткичтин канча көлөмдө экендигин аныктоо үчүн тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берилди. Алар кимдер тарабынан алынып чыгып, кайсы жакка сатылып жаткандыгын такташат”,- деди Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Жумамидин Сулайманкулов.

Айыл-чарба министрлиги болсо жер семирткичтердин кымбатташына Өзбекстандан экспорт убактылуу токтоп калганын жүйөө келтирет. Май айында коңшу мамлекеттин ички керектөөсү жогору болгону үчүн Кыргызстанга өткөрүлбөй жаткан экен. Эми бир жуманын ичинде кайрадан жер семирткичтердин бир нече түрү экспорттолуп, абал жөнгө салынат деп убадалашууда.

Жыл башында Өзбекстан мамлекети менен 100 миң тонна өсүмдүк дарыларын алуу боюнча келишим түзүлгөн. Бирок мамлекеттик резервдик фонддо каражаттын жоктугуна  байланыштуу түз сатып алуу ишке ашпай калды. Ошондуктан, дыйкандар жеке ишкерлердин койгон наркына карап, сатып алууга аргасыз болушууда.

Бул жылы  өлкө боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнө 394 миң тонна семирткичтер керектелет.

Сюжетти даярдагандар: Нуржамал Баргыбаева, Азам Бузриков

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген