Жер көчкү жүргөн Сузактын Кыз-Көл айыл аймагында жер тилке көйгөйү курч

 Ушул тапта 500гө жакын кожолук жер тилке алуу үчүн кезекте турат. Айыл өкмөттүн карамагындагы жерди баарына жеткирүү мүмкүн эмес болуп жатат. Ошондон да көчкү коркунучундагы үй-бүлөлөргө гана чек берилүүдө. Калгандарынын муктаждыгы чечилбей келет.

Сары-Булак айылынын тургуну Зуура Мамурасулованын  өздөрүндө үй жок. 15 жылдан бери көчүп-конуп ижарада турушат. 5 балалуу үй-бүлө дараметине жараша гана эки бөлмөлүү үйгө чыгышкан. Анын биринде жашаганга мүмкүн эмес. Башка жакка чыкканга жумушсуз жүргөн жубайларда мүмкүнчүлүк жок.

“ Болгону ушул бир эле бөлмөдө эле жашайбыз. Наркы бөлмөдө  отлтуруш кыйын. Жамгыр жааса кадимкидей кыштан отуп кетет. Айла жок эле ушул жерде баш калкалайбыз. Эми жогору жактан жер берилитп калса, киридит алып же жардам сурап жай салабызда андан башка айла жок ”, – дейт Сары-Булак айылынын тургуну Зуура Мамурасулова.

Жубайлар туугандарынын малын багып, там салганга аз-маз акча чогулушткан. Чакан болсо да, өздөрүнө ылайык үй салып алсак деп жүрүшөт. Бирок жер тилкени сатып ала алышпайт. Айыл өкмөткө чекке муктажбыз деген арызды 2 жыл мурда тапшырышкан. Жыйынтык жок.

Мамурасулова чекке муктаж болгондордон жалгыз эмес. Кыз-Көл айыл аймагында 3100 кожолук болсо, анын 450сү жер сурап кезекте турат.

“Элеттикетердин муктаждыктарын жоюу үчүн 34 гектар аянт трансформацияга берилген. Документ иштери аяктаса кезеги менен баарына жер тилке берилмей болууда”, – деди Кыз-Көл айыл аймагынын социалдык коргоо боюнча башкы адиси Маккамбай Кадыров.

Кыз-Көл айыл аймагында 10 сотыхтан чек берилээрин эске алганда, 34 гектар аянт  340 үй-бүлөнү жер менен камсыздайт. Кезекте турган 100дөн ашыгы дагы күтүүгө туура келет. Калгандарына кайсыл аймактан жер каралып, качан берилишин айыл өкмөт аныктай элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген