Жээнбеков Түркиянын 95 жылдыгына катышуу үчүн Стамбулга жөнөп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков башка Мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.