Жээнбеков соттук-укуктук реформаны ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июнда өлкөдөгү соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, соттук-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көңүлүн мурда мерчемделген иш-чараларды милдеттүү түрдө ишке ашырууга дагы бир жолу бурду.

Соттук-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларды ыкчам жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү күчөтүүнүн мааниси белгиленди.

Аталган тапшырмалардын жыйынтыгы 2020-жылдын сентябрындагы соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында каралат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген