Жээнбеков Швециянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда Риксдагдын биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган Швеция Королдугунун парламенттик делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн артыкчылыктары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Швеция менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле парламенттик демократияны бекемдөө боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Ал эми Швециянын Риксдагынын биринчи вице-спикери Аса жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттик делегациянын Кыргызстанга келишинин негизги максаты — кыргыз-швед мамилелерин, өзгөчө парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө экенин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген