Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президент Санкт-Петербург шаарында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

Ал эми, 7-декабрда Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген