Жээнбеков: санариптештирүү саясатын жайылтуу жергиликтүү бийликтин милдети

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу биринчи телекоммуникациялык форумга катышты.

Анда өлкө башчысы бул демилгени ишке ашырууда айыл өкмөт башчылары, аким, мэрлердин ролу чоң экендигине токтолду.

“Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү!

Калк арасына санариптештирүү саясатын жайылтуу иши — силердин түздөн-түз милдетиңер.

Бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан көйгөйлөрдү ыкчам чечүү мезгили келди.

Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, бардык кыйынчылыктарды жеңип, чечкиндүү аракеттенүү талап кылынат”,-деди Жээнбеков.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген