Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык сасяат бөлүмү билдирди.

Расмий сапардын алкагында Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы менен чакан жана кеңири курамда эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечектерин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, маданият, туризм тармактарында, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Зарылбек Рысалиев, Нурбек Алимбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Улугбек Ормонов, Эмил Токтошев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов бар жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.