Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, жалпы сот өндүрүшү да оӊолбойт

“Прокуратуранын иши жакшырмайынча, жалпы сот өндүрүшү да оӊолбойт”,- деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарада.

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен өлкө жаңы укуктук мейкиндикке киргенин айтып, Президент соттук-укуктук реформалардын ийгилиги прокуратура органдарынын ишине байланыштуу экенин белгиледи.

“Прокуратуранын иши жакшырмайынча, жалпы сот өндүрүшү да оӊолбойт. Соттук — укуктук реформаны ишке ашыруу — соттордун же прокуратуралардын эле ведомстволук иши эмес. Бул жалпы мамлекеттик иш. Элибиз, коомчулук талап кылган маанилүү реформа”, — деп белгиледи өлкө башчысы.

Ал коомдо мыйзамдуулук орноп, жарандын укугу кынтыксыз корголсо, реформа элдин колдоосуна ээ болорун кошумчалады.

Андан соң Мамлекет башчысы прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.