Жээнбеков Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууда

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Баткен облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жергиликтүү эл менен жолугушуу суроо-жооп форматында уланып жатат.

Өлкө башчысы Баткен облусунун жана анын ичинде чек арадагы Лейлек районунун маселелери анын президенттик ишмердүүлүгүндө өзгөчө орунду ээлерин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелерин чечүү, чек ара коопсуздугун жогорулатуу, ирригациялык, калкты таза суу менен камсыздоо, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

Мындан сырткары, өлкөнүн бардык аймактарында санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу дагы сөз кылды.

Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна иш сапары менен барат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген