Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрлик кызматынан бошотту

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгү менен Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматынан бошотулду.

Буга Кубатбек Бороновдун берген арызы негиз болгон. Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дагы кызматтан кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Курсан Асанов министрликтен кайра кетти

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген