Интернаттарды реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлөт

Президентинин Аппаратынын алдында  интернат тибиндеги  балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлөт. Анын курамына  коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Бул тууралуу бүгүн   Сооронбай Жээнбековдун «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекова менен жолугушуусунда маалым болду.

Назгүл Турдубекова үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча 10 жылдык Улуттук программаны колдогону үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

«Бул программа Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болооруна ишенебиз. Биздин республикада жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды балдар үйлөрүндө жана интернаттарда багуу маселеси өтө курч бойдон калууда. Күн сайын мамлекеттик жана жеке менчик интернат тибиндеги жаңы балдар үйлөрү ачылып, коррупциялык схемалардын пайда болуусуна жол берилүүдө», — деди Назгүл Турдубекова.

Президент региондорду өнүктүрүү — бул калктын турмуш деңгээлин, экономиканы көтөрүү, көпүрөлөрдү, жолдорду жана социалдык объектилерди куруу эле эмес экенин, алдыдагы  максаттарга жетүү үчүн  биринчи кезекте руханий көрөңгөбүздү байытып, коомду мобилизациялашыбыз керек экенин белгиледи.

«Биз балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы таштанды балдарга, ошондой эле жакындары карылар үйүнө таштап кеткен улгайган адамдарга байланыштуу кырдаалды терең иликтейбиз. Региондордогу жетекчилер өз облустарын жана райондорун өнүктүрүүнү гана ойлобостон, калктын аярлуу катмарын коргоп, наристелерди жана карыяларды үй-бүлөлөрүнө кайтарышы керек. Деги эле кыргыз эли эч убакта өз балдарын жана ата-энелерин таштаган эмес. Тескерисинче, чоң жоопкерчилик менен аларга камкордук көргөн. Биздин эң башкы милдеттерибиздин бири — бул ар бир баланын өз үй-бүлөсүндө чоңоюп, тарбияланышына жетишүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек,  Назгүл Турдубекова бул маселени президенттин өлкөнүн жарандык коомунун өкүлдөрү менен 2018-жылдын 19-июлунда өткөн  жолугушуусунда айткан эле.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген