
Радионун үнү, мотору жана эң эле куудулу Жээнбек Кулбаев менен жакындан таанышып алыңыздар:
Толук аты жөнү: Кулбаев Жээнбек
Келбетиндеги жактырган мүчөсү: тиштери
Жактырбаган үй жумуштары: бала кароо
Жакындары кантип эркелетет: аны эч ким эркелетпейт. Ал балдарын “тайчактарым” деп эркелетет
Эфирдеги кызыктуу учурлары: ашынган күйөрмандары сүрөттөрүн жибере бергендиги
Мүнөзү: сүрдүү анан бир аз чыр. Бирок тилин тапса, жакшы адам.
Алдыдагы пландары: студияга бөлмө гүлүн алып келүү.
Фобиясы: кытыгылоо
Убактысынын көп бөлүгү кайда өтөт: бир буту радиодо, бир буту жолдо. Анткени эки жерде иштейт.
Учурда: жубайынын ишенген тиреги, бир кыз, эки уулдун сүйүктүү атасы жана “Кечки сфера” программасынын алып баруучусу
Эфирдеги фишкасы: муштумдай болгон жүрөгүбүздөн сүйүү кетпесин
Жээнбек Кулбаевди издесеңиз, телефон чалыңыз 🙂
- 31.03.2017