Же үйдөн, же акчадан жок. Ошто $100 миң алдаткандар президентке кайрылышты

Үй алып берем деген Камчы Төрөев аттуу жаранга кеминде 10 миң доллардан карматкандардын саны ондон ашат. Төрт жылдан бери же үй, же акчадан жок жүргөн тургундар 16-майда маалымат жыйын куруп, президентке кайрылышты. Алар укук коргоо органдарынан адилеттүү териштирүү жана чечимди талап кылып жатышат.

Айнекбү Кулубаева жаңы үйлүү болом деп жашап жаткан үйүн сатып, акчасын Камчы Төрөевге берген. Ал алгач 300 миң сом, кийин ордерге деп 250 доллар, анан дагы чай-пайга деп 5 миң сом карматканын айтат. Бул аялга окшоп ири суммадагы акчасын алдаткандар милицияга арыз жазган. Тургундар айыптап жаткан Камчы Төрөев аттуу жаран өзүн да жабырлануучулардын катарына кошуп, укук корго органдарына кайрылган.

Иш  сотко жеткенде Ош облустук соту ишти кайра тергөөгө жиберди. Анын башкы себеби катары тергөө иши толук жүргүзүлгөн эместиги көрсөтүлөт.

“Соттук процесстин жүрүшүндө жабырлануучулар акчасын Төрөевге бергенин айтышкан. Ал эми Баев деген айыпталуучуга акча беришкенин айтышкан эмес. Бул учурда Төрөев дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек эле же айыпталуучу катары өтүшү керек болчу.Ушул сыяктуу мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн  кайра тергөөгө жиберилди”, – дейт Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов.

Камчы Төрөевди Ош шаарынан издеп таба алган жокпуз. Ал Ош шаардык мэриясына караштуу Алымбек Датка кварталдык комитетинде иштери айтылууда. Экинчи ирет боло турган тергөө иштери аягына чыкса, Камчы Төрөев дагы соттук процессте айыпталуучу катары өтүп калышы мүмкүн.

Текст: Марат Акимбек уулу

Видео: Арген Калыбек уулу

Сүрөт: mosty-zara.by

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген