Жеңиш Разаков вице-премьер-министр кызматынан бошотулду

Жеңиш Разаков вице-премьер-министр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Жеңиш Разаковдун отставкасы кабыл алынып, вице-премьер-министр кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Ал аталган кызматка 2018-жылдын апрель айында дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген