Жеңилдетилген ставка менен мамлекеттик ипотека кийинки жумадан бериле баштайт

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан 4% жана 8% ставкалары боюнча мамлекеттик жеңилдетилген ипотека берүү (мамлекеттик кызматкерлерге жана баарына) кийинки жумада – 16 -сентябрда башталат. Бул тууралуу ипотекалык компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында жеңилдетилген ипотека ГИКтин өнөктөш банктары аркылуу берилет. Компания банктардын тизмесин кийинчирээк жарыялоону убада кылууда.

Программанын алкагында 4 ипотекалык продукт иштелип чыкты.

Мамлекеттик сектордун кызматкерлери үчүн “Даяр турак жай сатып алуу” продукциясы:

  • пайыздык чен – жылдык 4%;
  • баштапкы төлөм – 10% дан (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн);
  • кредиттин мөөнөтү – 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы – 4 миллион сомго чейин.

Мамлекеттик сектордун кызматкерлери үчүн “Жеке турак жай курулушу” продукциясы:

  • пайыздык ставка курулуш мезгилине жылдык 8% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 4%;
  • баштапкы төлөм – 20% дан;
  • кредиттин мөөнөтү – 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы – 4 миллион сомго чейин.

Жарандардын бардык категориялары үчүн “Даяр турак жай сатып алуу” продукциясы (азырынча эмиссия Бишкек жана Ош шаарларында гана башталат):

  • пайыздык чен жылдык 8%;
  • баштапкы төлөм 20% (алгачкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн);
  • кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.

Жарандардын бардык категориялары үчүн “Жеке турак жай курулушу” продукциясы (эмиссия азырынча Бишкек жана Ош шаарларында гана башталат):

  • пайыздык ставка курулуш мезгилине жылдык 12% жана курулуш бүткөндөн кийин жылдык 8%;
  • баштапкы төлөм 20% дан;
  • кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
  • ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.

Сатылып алынган турак жайга карата жалпы талаптар:

  • Көп кабаттуу үйдөгү батирлер үчүн – жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпашы керек.
  • Жеке турак үйлөр үчүн – жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпашы керек.
  • Турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60 миң сомдон ашпашы керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.