Жеңесин зордуктаганга аракет жасап, акча талап кылган кайни 6 жылга эркинен ажыратылды

Баткен облусундагы Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 24 жаштагы тургуну жеңесин зордуктаганга аракет жасагандыгы үчүн 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Кадамжай райондук сотунан кабар беришкен.

Маалым болгондой,  1993-жылы туулган Б.М аттуу жаран 2017-жылдын 16-сентябры күнү таңкы саат 4төрдө досунун тоюнан мас абалында кайтып келе жатып, күйөөсү Россияда иштеп жүргөн жеңесинин үйүнө кирген.

Болгон окуя тууралуу жабырлануучу: “Балдарым менен уктап жаткан элем, эшикти бирөө ачып киргенинен ойгонуп кетип, жолдошум келип калды го деп ойлодум. Бирок бирөө келип эле мени муунтуп, бир колу менен чечинте баштады да, ”мени менен жатасың же акча бересиң,”-деди. Мен эптеп бошонуп, балама:”жардамга чакыр,”- деп кыйкырып жибердим. Ошондо тиги адам качып чыгып кетти. Андан кийин эмне болгону эсимде жок, көзүмдү ачсам кошуналар бетиме суу чачып жатышыптыр,”- деп айтып берди.

Ал эми шектүү Б.М окуя болгон күнү мас болгондугун, агасынын үйүнө киргендиги чындык экендигин айтып, күнөөсүн моюнуна алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген