Жазда балдарга кандай азыктарды берүү керек?

Жаз келээри менен жаш балдардын организминде көп  өзгөрүүлөр орун алып, алсыздык пайда болот. Дал ушул убакытта  балдарды туура тамактандырууга көпчүлүк ата-энелер маани беришпейт. Бирок, туура эмес тамактануунун натыйжасында көп оорулар келип чыгат. Андыктан жаздын алгачкы күндөрүндө балдарга кандай тамак берүү керектиги туурасында  дарыгер Тамара Раимова  айтып берет.

-Саламатсызбы Тамара айым? Айтсаңыз, эрте жазда жаш балдардын организминде кандай өзгөрүүлөр болот?

-Саламатчылык. Жаш балдардын организминде күн сайын өзгөрүү болуп турат. Өзгөчө жаздын алгачкы күндөрүндө балдардын организми кыйла алсырайт. Анткени кышында сасык тумоого көп чалдыгып иммунитет төмөндөп кетет. Натыйжада тамака табити азаят. Бул учурда балага керектүү витаминдерге бай тамак-аштарды берүү зарыл.

-Туура тамактанбаган балдар кайсы ооруларга көп чалдыгышат?

-Балдар туура тамактанбаса, керектүү азыктарды убагында алалбай калат. Мындан улам, организмге темир жетишсиздиги пайда болот.  Дени сак балдар  сасык тумоо менен 3-5 күн ооруса, анемияга кабылган бөбөктөр жумалап, айлап ооруйт.  Мындай учурлар көбүнчө өпкө ооруларына алып келет.

-Бул убакта балдарга кайсы тамактарды көбүрөөк берүү керек ?

– Жаш балдардын тамагына ата-энелер өтө кылдат мамиле жасашы керек. Сабиз, картошка, гречка, эт, гүрүч, балык сыяктуу азыктар ар бир баланын тамактануусуна кошулуусу шарт. Балагны күнүнө 3 жолу ысык тамак  жана арасында 2 жолу кошумча тамактандырган жакшы. Кичинекейлерге чайдын ордуна  шербет, суу, бал, өзүбүздө өндүрүлгөн өрүк, алмалардан ширелерди  жасап  берсе дурус болот. Мындан сырткары, жашылча жемиштерди да көбүрөөк берүү керек.

-Азыр жаш балдардын көпчүлүгү дүкөндөгү даяр азыктарды жактырат. Алар канчалык пайдалуу?

-Көпчүлүк ата-энелер дүкөндөрдөн кымбат тамактарды алып беришет.Анткени витаминдүү деп ойлошот. Бирок ал тамактардын баарында химиялык заттар, түрдүү кошулмалар бар. Өзгөчө чипси, колбаса, йогурт өңдүү азыктар балдардын табитин бууп койот. Алардын пайдасына караганда зыяны көбүрөөк. Баары эле талапка жооп бербейт.  Андыктан ар бир ата-эне дүкөндөрдөгү даяр азыктарды алып берүүдө өз бөбөктөрүнүн ден соолугун ойлошсо жакшы болмок.

-Бала тамак-аштан баш тартканда эмне кылуу керек?

-Негизинен бул жараянда баланын ата-энеси чоң рол ойнойт. Бала комфортту жакшы көрөт. Андыктан ал бала тамакты да ырахаттануу менен жегиси келет. Тамакты  кооздоп,түрдүү формада жасап берсе болот. Дасторкондун гүлдүү, кооз кылып жайып, кичинекей, түстүү идиштерге тамакты да түрлөп берсе, бала кызыгуу менен жейт.

-Учурда жаштар тез татымды жактырат. Үзгүлтүксүз тез татымдан тамактануу эмнеге алып келет?

-Ооба ,көпчүлүк балдар көчөдө тез татымдардан тамактанып,үйдөн тамак жешпейт.Көчөдөгү тамак баланын эске тутумун начарлатат.Анын курмындагы соустар анын табитин ачып,кайра-кайра тез татымдан тамактангысы келет. Анан шаардагы баардык эле тамактануучу жерлер талапка жооп бербейт. Андыктан ата-энелер үйдө тамакты даамдуу кылып убагында  даярдаса балдар да сырттан көп тамактанбайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген