Жаз-жарыш: Баткенде дан эгиндерин эгүү аяктады

Баткенде кылкандуу дан эгиндерин айдоо кызуу жүрүүдө. Райондогу 4 жарым миң гектар кайракы жер болсо анын 3000 гектары Ак-Татыр айыл өкмөтүндө жайгашкан. Учурда анын 60%ына арпа эгилди.

Райондо дан эгиндерин айдоо иши февраль айында башталып, марттын аяк ченине чейин толук бүткөрүлөт. Ал үчүн 30 техника кызуу иш алып барууда.

Рават айылындагы 3000 гектар аянтка 30 техника тартылган. Ал да жетишсиз болгондуктан Лейлек районунан жардамга келишкен. Алар гектарына 2000 сомдон алышып, үйрөөндү себип, айдап беришет. Бул нарк былтыркыдан айырмаланбайт. Ал эми күйүүчү май район борборунда 47 сомдон сатылууда.

Жалпысынан Баткенде дан эгиндерин эгүү аяктап калды. Март ичи толук себилип бүтөт. Жазгы талаа иштери былтыркыга салыштырмалуу 15 күнгө эрте жүрүп жатат. Буга жаздын эртерээк келгени себеп. Былтыр кылкандуу дан эгиндери апрелди аяктап себилип бүткөн. Бул маалда алдыңкылары жерлерин эми гана айдап башташкан эле.

Баткен району боюнча, 3800 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери айдалат. Анын 2000 гектарына буудай, калганына арпа эгилчү. Бул жылы буудай талаасын арпа аянтына алмаштыргандар көбөйүүдө. Азырынча эгин талааларынын кыскарчу же көбөйчү аянты так эмес. Ал эми сугат жерлерде көбүрөөк жашылча-жемиштерди жетиштирүү мерчемделүүдө.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar