Жашылча жана мөмө-жемиштердин баасы июнь айында 16,4 пайызга жогорулады

Июнь айында, май айына салыштырмалуу, жалпы республика боюнча жер-жемиштердин баасы 16,4 пайызга жогорулаган. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитеттен келтиришти.

Ошол эле учурда, жашылчалар 19,5 пайызга, мөмө-жемиштер 6,4 пайызга кымбаттаган.

Баанын эң жогорку өсүшү сабизге – 1,6 эсеге, картошкага – 36,3 пайызга, өрүккө – 2,2 эсеге жана алмага – 15,4 пайызга байкалган.

Бишкекте картошканын чекене баасы республиканын орточо көрсөткүчүнөн ашты (58,44 сом). Сабиз үчүн эң жогорку баа Баткен (77,4 сом) жана Нарын (75,46 сом) облустарында жана Бишкек шаарында (75,09 сом) катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.