«Жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселеси боюнча координациялык кенеш УДАС долбоорун жактырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов климаттын жана экологиянын өзгөрүүсү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселеси боюнча координациялык кенештин алгачкы кенешмесин өткөрдү.

Күн тартибинде 4 маселе, анын катарында «Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы» (УДАС) документинин долбоору каралды.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор митигация (климаттын өзгөрүү таасирин жумшартуу) жана адаптация боюнча чараларды ишке ашыруу жолу аркылуу парник газдарынын бөлүп чыгарууларын кыскартууну карайт.

Министрлер кабинетинин башчысы, ошол эле учурда Координациялык кенештин төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, учурда Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экологиялык коопсуздук жана климаттын туруктуулугу маселеси болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө «Климаттык инвестициялык программанын» учурдагы абалы тууралуу маалымат угулду, анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы глобалдык климаттык институттардан жана фонддордон инвестицияларды тартуу боюнча ишке мамлекеттик органдардын активдүү тартылышы зарылдыгын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары БУУ климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (КӨАК) тараптардын XXVI конференциясынын ишине катышуучу кыргыз делегациясынын сапаттуу даярдыгын камсыздоосу тийиш.

Жыйынтыгы боюнча кеңешменин күн тартибиндеги бардык маселелер, анын ичинде жакында БУУ КӨАК катчылыгына сунушталуучу «Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы» (УДАС) документи жактырылды.

Маалымдама: БУУ Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (КӨАК) тараптарынын XXVI конференциясы 2021-жылдын ноябрь айында Глазго (Великобритания) шаарында өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.