Сарымоголдук мигранттар 4 жылдан бери бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдоо чыгымын көтөрүүдө

Алай районунун Сары- Могол айылынан чыккан мигранттар мектеп бүтүрүүчүлөрүн Жалпы республикалык тестке даярдап, ЖОЖдорго жогорку упай менен тапшырышына шарт түзүп келишет. Бул тууралуу аталган айылдагы №53 Харыпбек Алимсеитов орто мектебинин директору Орозбай Исмаилов билдирди.

Мындан төрт жыл мурда Сары- Могол айылынан чыккан активист Кеңешбек Сайназаров  айыл жаштарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында демилге көтөрүп чыккан. Көтөрүлгөн демилгени айыл эли колдоп, натыйжада чет жерде иштеп жүргөн мигранттар демөөрчүлүктү колго алышкан.

“ЖОЖго тапшырууну каалаган окуучулар Ош шаарына келип, даярдыктан өтүп келишкен. Алардын жатаканасына, тамак-ашына жана жолуна кеткен чыгымдардын баарын чет жерде иштеген айылдаштарыбыз жабат.  Кылган аракетибиз текке кетпей жылдан-жылга жогорку билимге ээ болууну самаган жаштардын саны өсүп жатат. Демилге ишке кирген алгачкы жылы 13 бүтүрүүчү ЖРТга катышса, быйыл 46 бүтүрүүчү документтерин тапшырды”,- дейт мектеп жетекчиси.

Быйыл билим берүү башка ыкма менен жүргүзүлүп жатат.

“Мугалимдердин тажрыйбасын арттыруу эки этап менен жүрүп, биринчи этапта 23 мугалим ОшМУда билим алган. Семинардын 2-бөлүгү мектептин өзүндө, ОшМУдан барган мугалимдердин жетегинде жүргүзүлүп жатат. Окутуу аягына чыккандан кийин мугалимдерибиз бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдай башташат. Мугалимдерибиз бул жылы алган билимдерин кийинки жылдары да колдонуп, бүтүрүүчүлөрдү тестке даярдай алышат. Ошондуктан, ушул ыкманы ойлоп чыктык”,- деди Орозбай Исмаилов.

Мектептин мугалимдери бүтүрүүчүлөр менен эч кандай келишим түзбөй эле ЖОЖго өтүшүнө жардам беришээрин мектеп жетекчиси кошумчалады.

“Биз бүтүрүүчүлөрдү сөзсүз түрдө айылыбызга келип кызмат өтө дебейбиз. Жогорку билим алып, кесипке ээ болгон жаштар кайсы жерде болсо да жа жакшы иштеп, турмуштан өз жолдорун таап кетсе деген эле ниетибиз бар. Андан тышкары ушул аркылуу мигранттардын санын азайтсак деген максаттабыз”,- дейт мектеп жетекчиси.

Кеңешбек Сайназаров демилге көтөрүп чыкканга чейин айылдагы мектептин бүтүрүүчүлөрү даярдыктын жоктугунан ЖРТга катыша албай келишкен. Ошондуктан, ЖОЖго өтүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жок болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген