“Жаштар парламентинин” IV долбоору башталды

Ош шаарында “Жаштар парламенти-III” долбоорунун 24 бүтүрүүчүсүнө сертификат, “Жаштар парламенти-IV” долбооруна кабыл алынган 45 мүчөсүнө төш белги тапшырылды.

Ага катышкан шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жаштар демилгелүү болуп, идеяга бай болсо шаардын да, мамлекеттин да өнүгүүсү жогорулап, күчтүү коом түзүлө тургандыгын белгиледи.

“Ош шаарынын мэриясы ар дайым жаштар тарабынан көтөрүлгөн долбоорлорду колдоого даяр. Жаштар менен иш алып барууга атайын жаштар комитети иш алып барат, тыгыз кызматташуу болуш керек. Аракеттенгиле, билим менен көптү билесин, инновациялык технологияларды мыкты өздөштүргүлө, тил үйрөнгүлө, бирок мекменге, элге, шаарга кызмат кылууну унутпагыла”,-деди Сарыбашов.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Жаштар парламенти” долбоору ишке ашып келет. Жылдын аягы долбоорго жигердүү катышкан жаштар сертификат алып, кийинки жылга атайын мүчөлөр тандалып алынат. Мындан тышкары долбоордун катышуучулары шаарда жаштарга багытталган коомдук-саясий иш-чараларга катышып, өнүгүү боюнча атайын демилегелерди, идеяларды көтөрүп чыгып, ишке ашырышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген