Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги сынак жарыялады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги «Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын» изденип алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда белгиленгендей, сынактын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайында жаштарды тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизм жана рухий-дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет.

Сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн чыгармалар, иштер менен материалдар көркөм чеберчилик деңгээли боюнча маанилүү болууга, уландар менен кыздардын бай рухий дүйнөсүн ачып берүүгө жана аларды Кыргызстандын элине жан-дили менен кызмат кылууга чакырууга тийиш.

Сыйлыктар төмөнкү 11 номинациянын ар бири боюнча берилет:

  • адабият жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;
  • журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;
  • музыкалык өнөрдүн мыкты чыгармалары жана аткаруучулук чеберчилик үчүн;
  • көркөм искусствонун мыкты чыгармалары (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство) үчүн;
  • шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоорлор үчүн;
  • театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармалары үчүн:
  • кино жаатындагы мыкты жетишкендиктер (сценалык, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер) үчүн;
  • илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иштер үчүн;
  • экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;
  • спорт жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;
  • жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн (лидерлик позицияларды ээлеген жаш жарандарга).

Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбошу керек.

Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алышат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги сынактын катышуучуларынын иштерин жана башка материалдарын 2021-жылдын 10-августуна чейин Бишкек ш. Тоголок Молдо көчөсү 17, 2-кабат, жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмү дареги боюнча кабыл алат.

Байланыш телефону: 0 (312) 32-52-18. Жобо менен таанышуу үчүн https://drive.google.com/……/1PDftevddnJ……/view…… шилтеме аркылуу өтсөңүз болот.

Маалымат: Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылдын 23-августундагы № 514 Токтому менен негизделген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.