Жаштар арасындагы олимпиада оюндарында Кыргызстан 2 медаль менен 29-орунда

Буэнос-Айресте өтүп жаткан жаштар арасындагы 3-жайкы олимпиада оюндарынын 2-күнүндө Кыргызстан 29-орунда келетат. Азырынча курама команданын капчыгында 1 кумүш, 1 коло медаль бар. 

Биринчи медалды фехтованиядан Хасан Баудунов алып берсе,  экинчи медалды  сууда сүзүүдө Денис Петрашов колго киргизген.

Ошентип Кыргызстан жаштары 2 медаль менен 29-орунду Тунис, Швейцария, Туркия жана  Өзбекистан менен бөлүшүп келүүдө. Ал эми алдыңкы катарда 11 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль менен Орусия курама командасы баратат.

Белгилей кетсек, 6-октябрда Аргентина борбору Буэнос-Айресте старт алган жаштар арасындагы жайкы олимпиада 18-октябрда жыйынтыкталат. Жалпы мелдешке 206 өлкөдөн 4 миңге жакын спортчулар барып, спорттун 36 түрүнөн күч сынашууда.

Ал эми Кыргызстандан 13 спортчу, спорттун 7 түрүнөн катышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген