Жаштар арасындагы көйгөйлөрдүн алдын алуучу “Жашстан” долбоору иштей баштады

Кыргызстанда ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга чакырган “Жашстан” долбоору өз ишин баштады. Саамалыкты  эл аралык Search for сommon ground уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Ынтымак” телеканалы менен биргеликте  колго алып, май айынан бери коомчулукка чагылдырылып келет. Аталган долбоор жаштардын кызыгуусуна ээ болуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду.

Жаштардын өз демилгелери менен билим сапатын жогорулатуу, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө арналган саамалыкты көргөн ар бир окуучунун кызыгы артат.

“Жашстан”- көчөдө бекер жүргөн же эртеден кечке интернет чукулап олтурган жаштарды өзүнө тарта турган долбоор экен. Жаштарды коомго аралашканга жардам берет”,- деди окуучу Элнура Кубанычбек кызы.

“Жашстан” долбоору Бириккен улуттар уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып, учурда Кыргызстандагы 27  жамааттын арасында иштеп жатат.

14 жаштан 29 жашка чейин тандалып алынган балдар Талас облусунан жана Ош облусунун Ноокат районунан 12 адам эки топко бөлүнгөн. Долбоордун жетекчилигинен билдиришкендей, уюштуруучулардын негизги максаты- жаштарды комчулукка аралаштыруу болуп саналат.

“Жаштарды коомчулукка аралаштыруудан сырткары коомдо болуп жаткан зордук- зомбулуктардын алдын алуу, билим сапатын жогорулатуу- биздин максатыбыз”,- деди долбоор жетекчиси Акылай Каримова.

“Жашстан” долбоору 8 сериядан туруп, каскаддык тартипте иштеп жатат. Анда уюштуруучулар алгач жаштардын ой- пикирин угуп, идеяларды чогултушуна мүмкүнчүлүк беришет.  Андан кийин акырындап тапшырмалар аркылуу үйрөтүүнү улантышат.

Чынарбек Алипбеков, Кымбатбек Абдисамат уулу

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген