Жаш окумуштуулар Индияда өтүүчү Конклавга катыша алат. Сынак шарттары

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти “Шанхай Кызматташтык Уюмунун илимий-технологиялык инновация өнөктөштүгүн түздү. Жаш окумуштуулардын келечеги” Конклавына катышуу үчүн жогорку окуу жайлардын жана илимий мекемелердин жаш окумуштуулары арасында сынак уюштурат. Жаш окумуштуулардын жана инноваторлордун Биринчи Конклавы 2020-жылдын 14-18-октябрында Хайдарабад шаарында (Индия) өтөт.

Конкурс төмөнкү тематикалык багыттар боюнча жүргүзүлөт:

▪️айыл-чарба жана тамак-аш өнөр жайы;
▪️туруктуу энергетика жана энергия топтому;
▪️биотехнология жана биоинженерия;
▪️айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу.

Конкурска 40 жашка чейинки академисттер, окумуштуулар, инженерлер, технологдор, инноваторлор, техно-ишкерлер, стартап-кесипкөйлөр катыша алат. Жаш окумуштуу-катышуучулар тиешелүү сессияда өзүнүн илимий макаласы менен чыга алат, анда илимий-техникалык иштер, жаңы идеялар жана иштелип чыккан прототиптер чагылдырылат.
Катышуучулар эки тарапка жол акысын өздөрү төлөшү керек (Бишкек-Хайдарабад-Бишкек авиабилеттери). Ал эми жатакана, тамак-аш жана шаар ичиндеги транспорттук чыгымдарды Индия тарап каржылайт.
Конкурска катышкан мыкты талапкерлерди тандоо үчүн министрлик комиссия түзөт.

Керектүү документтер:
1. Анкета;
2. Резюме/талапкердин кыска өмүр таржымалы;
3. Талапкердин сүрөтү (сүрөт 250х300 пикселден жогору болушу керек).

Катышуу боюнча арыздар 2020-жылдын 22-июнунан 4-августуна чейин кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды КР ББжИМ алдындагы Илим департаментинен алсаңыздар болот.

Тел: (312) 392003.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.