Жаш курак спортко тоскоол эмес! Дүйнөнүн эң кары рекордсмендери

Отуздан өтүп, спорт, активдүү жашоо образы эми мен үчүн кеч деп ойлойсузбу? Жаңылышасыз! Элүүнүн ары жагына барып калганда спортко аралашып, ал тургай дүйнөлүк рекорд жараткандар четтен чыгат. Биз дени сак жашоо образынан ден соолук, узун өмүр тапкан чоң ата, чоң энелерди тизмектедик. 

Сиз 45 секундда 50 отжимание жасай аласызбы? 93 жаштагы Чарльз Югстер мындай көнүгүүлөрдү күн сайын жасайт. Андан сырткары бодибилдинг менен алектенип, алыскы аралыкка бат-бат чуркап турат. Чарльз Югстер 60 жашка толгондо ар түрдүү оорулар менен ооруп, дары-дармектерди колдончу. Бир күнү ал улгайгандардын марафону тууралуу угуп, ага даярдана баштайт. Тамактануу режимин өзгөртүп, өзүн ден соолука терс таасир берүүчү нерселерден тыят. Эки жылда баягы оорулардын баарынан арылды, дарыдан кутулду.

 

Эрнестина Шепард – дүйнөдөгү эң кары бодибилдер айым. Ал азыркы тапта 80 жашта. 20 жыл аралыгында ал 9 марафонду чуркап өткөн жана бодибилдинг боюнча  2 жолу жеңишке жеткен.  2010-2011-жылдары Гиннестин рекорддор китебине эң улгайган бодибилдер айым катары катталган. 80 жашында жашоосун мындай нукка бурулаарын Эрнестина такыр элестеткен эмес. Анткени ал 56 жашында гана спорт менен  машыгууну баштаган. Азыркы тапта ал күн сайын спорт залга барып, машыгуусун улантууда.

Картинки по запросу эрнестина шепард

Федор Конюхов. Бул каарманыбыздын жетишкендиктерин эсептей келсек,узун тизме чыгат. Ошондуктан айрымдарын баса белгилей кетели. Конюхов дүйнөнү океан аркылуу 5 жолу айланып, Атлантика океанын 17 жолу кесип өткөн.  2017-жылдын 9-февралында аба шаарында эң көп учуу боюнча  рекорд койгон. Абада учуу убактысы – 55 саат 15 мүнөттү түзгөн.

104 жаштагы Станислав Ковальский 100 метр аралыка чуркоо менен 100 жаштан жогоркулардын рекордун жаңылаган. Бул аралыкты ал 32,79 секундда чуркап өткөн. Ал гана эмес, 96 жаштагы атаандашын да артта калтырган.  Маарага алгачкылардын болуп барган соң, ал кайрадан жаралгандай болдум деп белгилеген. Эң кызыгы ал жашоосунда өзүн эч нерседен тыйган эмес. Ал эми спорт менен  92 жашында машыга баштаган.

Похожее изображение

88 жаштагы америкалык Мадонна Бадер өзүнүн алгачкы триатлонун 52 жашында басып өткөн. Ал эми 2012-жылы 82 жашында дүйнөлүк рекордду жаңылаган. Триатлон – эң оор делген жарыштардын бири. Анда 4 километрге чейин сууда сүзүп, 118 километр веласипедде, анда ары 42 километр токтобостон чуркайт.

79 жашта скейтборд тепкен инсанды көрдүңүз беле? Ллойд Кан 65 жашынан бери скейтборд тебет. Башында ал жыгылып, колун оорутуп алган. Ошондон бери атайын кийимде жүрөт. Азыр болсо ал күн сайын скейтборд тебет.

 

Ангела Воробьева – Килиманджаро чокусун багындырган эң кары айым. Ал 86 жашында басып өтүп, Гиннестин рекорддор китебине катталган. Килиманджаронун бийиктиги деңиз денгээлинен 5895 метрди түзөт. Бул бийиктикке чыкканча ал Замбезия шаркыратмасында жуунуп, Австралия чөлкөмүн айланып, аба шарында бийиктике учкан. Ал гана эмес Антарктидада да болуп кайткан.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген