Жаш ата-эне каза болгон кызын жерге бербей 16 күн сактаган

Великобританияда жаш ата-энелер каза болгон ымыркайды жерге бербей 16 күн сактаган. 16 күндүн ичинде наристенин денесине кийим кийгизип, сейилдөөгө да алып чыгып жүргөн.

Шарлотта кош бойлуулуктун 20-жумасында эле ымыркайда хромосомдук мутация(хромосоманын жетишпестиги) бар экендиги билинген. 2016-жылы ымыркай жарыкка келип, дарыгерлер анын мээси жакшы өөрчүбөгөндүгүн айтышкан.

 

Жаңы төрөлгөн Элвин жасалма жол менен дем алып, 4 жума жашап чарчап калган.

Наристе каза болгондон кийин денеси муздаш үчүн 12 күн оорукананын муздаткычында кармалып, бул учурда жаш ата-эне кызынын жанында болгон. Шарлотта менен Атилла кээ күндөрү кызынын денесин коляскага салып, сейилдөөгө алып чыгып, денени жерге берээрге 4 күн калганда   үйүнө алып кетишкен.

Жансыз денени соцтармактар аркылуу коомго жарыялагандан кийин жаш энеге ар кандай сын-пикирлер айтылган. А Шарлотта бул аркылуу дүйнөдөгү ар бир эне өз баласынын жанында көбүрөөк убакыт өткөрө алаарын көрсөткүсү келгенин билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.