Маанилүү маек: мыйзам деген эмне?

“Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда мыйзам тууралуу кенен баяндама кылабыз.

Мыйзам – референдум жолу менен же белгиленген жол-жобо боюнча кабыл алынып, мамлекет менен коом турмушундагы орчундуу маселелерди жөнгө сала турган ченемдик укук актысы.

Эгер, конституция менен мыйзамга ылайык, мыйзам түрүндө чечүүгө туура келсе, башка маселелер да мыйзам таризинде жөнгө салынат.

Ал эми мыйзамдуулук – баардык мамлекеттик органдардын, кызмат жана башка адамдардын мыйзамдарды жана аларга ылайык укук актыларын кыйшаюусуз аткаруусу.

Мыйзам чыгаруу бийлиги – бийликти бөлүштүрүүнүн теориясына ылайык, мамлекетте бири-бирин тең салмактап туруучу үч бийликтин бири.

Ал өзү мыйзамдарды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктардын жыйындысы, ошондой эле ал ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын тутуму болуп саналат.

Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бийлигинин органы болгонуна байланыштуу орчундуу милдети мыйзам чыгаруу болуп саналат.

Бул функцияны негизинен мыйзам чыгаруу жыйыны аткарат. Жогоруда айтылган эки палата биргелешип кабыл ала турган мыйзамдардан башка мыйзамдардын бардыгы ушул палата тарабынан кабыл алынат.

Мыйзам чыгаруу жыйынында ар бир керектүү тармактар боюнча комитеттер, комиссиялар түзүлөт. Иштелип чыккан же келип түшкөн мыйзам долбоорлору оболу ушул комитеттерде, комиссияларда талкууланып чыгат да, андан соң мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын кароосуна коюлат.

Мыйзам депутаттардын бардык санынын көпчүлүк добушун алса, кабыл алынды деп эсептелет.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.