Жарым кылым жаңы жолду күткөн жылкелдиликтердин кубанычы

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылындагы жолдор жаңылана баштады. Советтер союзунда басылган асфальттар бузулуп, тургундар 50 жылдан ашуун убакыттан бери жамгырда ылайга батып, жайында чаңга аралашып жашап келишкен.

Жергиликтүү жашоочулар  жыл сайын айыл өкмөттөн көчөлөрдү ремонттоп берүү суранычы менен кайрылышат. Бирок Ак-Таш айыл өкмөтү датацияда болгондуктан, оңдоого мүмкүндүгү жок эле. Быйыл болсо аймактарды өнүктүрүү жылына карата 1,6 млн сом ажыратылып, жолдорго асфальт төшөлө баштады.

“Буга чейин адамдар да, унаалар да чуңкурларга тыгылып, аябай жүдөчү элек. Күн ысыкта жолдун чаңы асманга сапырылчу. Жаңы жолдун салынганына 2 күн болду, аябай кубанып атабыз. Айылдын балдары ушунчалык сүйүнгөндүктөн, түнү менен жолдо эле жүрүштү”,- деди айыл тургуну Акимбай Салимов.

Жаңы асфальт бекем болуп, көп жылдарга кызмат кылышы керек, себеби кайра-кайра ремонттогонго каражат жетишпейт. Андыктан, биринчи кезекте сапатка көңүл бурулушу шарт дейт өкмөт жетекчилиги.

“Жолду кура турган ишканалардын иштеген жерине, асфальт чыгаруучу заводуна чейин барып, сапатын көрдүк, текшердик. Качан гана сапаттуу экенине, сапаттуу кура алаарына ишенгенде гана ишти баштадык”,- деди Ак- Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Тыныч Бектиров.

Айылдын бардык жолдорун  ремонттоого бюджеттен бөлүнгөн акча жетпейт. Андыктан, калган бөлүгүнө жергиликтүү демөөрчүлөр тартылган. Алар өз эсептеринен 500 метр жолдү асфальттап беришет. Ремонт иштери бир жуманыны ичинде толугу менен аяктайт.

Сюжет: Нуржамал Баргыбаева, Кымбатбек Абдисамат уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген