Жарнамадан кантип акча тапса болот? Идеялар топтому

“Бизнес башта” программасы  жарнама бизнесинин кирешелүү жактарын тизмектеп көрдү.

Бизнес чөйрөсүндө жарнама – эң эле мүмкүнчүлүктүү чечим. Реклама кандай гана ишкерлик болбосун кардар арттырууда негизги курал экендиги талашсыз. Бардык эле ишкерлер жарнама кызматысыз ишин алдыга жылдыра албайт.

“Кызыктар адам реклама бизнесине кирем десе, биринчи өзүнөн башташ керек. Креативдүүлүк мыкты болсо бул жака акчанын кереги деле жок. Башында эле компания ачам деп уруна берүү да туура эмес. Биринчи этабы компаниялар менен сүйлөшүп жеке формада иштеп көрүш керек. Экинчи жолу радиолор, полиграфия борборлор менен , интернеттеги эн кыйын мейкерлер менен келишим түзүп алса да болот”, -дейт бизнес-кеңешчи Сейтек Кулмаматов.

Радио жарнама. Эмне, качан, кайда?

Радиого жарнама берүүдө эмнелерге көңүл буруу керек? Угарманды алгачкы 10 секунд аралыгында маалымат кызыктырбаса, ал жөн гана керексиз жарыя болуп калышы толук мүмкүн. Жөнөкөй кулактандырууга караганда теле-радиолордон кеткен жарнамалар көбүрөөк угарман, көрүүчүлөрдүн эсинде калат. Бирок медиа эксперттер радио аркылуу жаңырган маалымат, адамдардын 30%ынын гана көңүлүн бурат деп эсептешет. Демек рекламанын күчү убактысынан көз каранды.

Радио жарнактын өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Рекламанын тексти өтө тез ылдамдыкта болбошу зарыл. Угарманга товарды ой аркылуу жеткирүүгө аракет жасаш керек. Бул үчүн жарыяңызга көбүрөөк мүнөздөмө иретиндеги сөздөрдү жазганыңыз оң. Мисалы өлчөмү, түсү, салмагы жыты жана башка ушул өңдүүлөр. Негизгиси сиздин жарнамада сөзсүз түрдө “Эмне?” “Качан?” жана “Кайда?” деген суроолорго жооп болушу зарыл.

Типографиялык кызматтар

Жарнама бизнесинин бул тармагы дасыккан кызматкерлерге көз каранды. Командаңызга креативдүү, чыгармачыл, билимдүү кызматкерлерди чогултканыңыз оң. Көп ишкерлер бизнесин баштаганда алгач өздөрү дизайндарын жасап турушкан. Анткени мындай кымбат адисти табууга убакыт да каражат да керек болот.

Сиздин кардар ким?

Полиграфиялык кызматка дүкөн, ресторандардын көлөмдүү жарнактарына караганда, көбүнчө кичинекей буюртмалар көп түшөт. Мисалы визитка, журнал жасалгалары, грамота-буклеттер. Бул сферада узака иштейм дегендер муктаж болуп келген кардарлардын чөнтөгүнө карап мамиле кылбашы керек. Башка бизнес сыяктуу эле мында да ыраазы болгон кардар сөзсүз таанышын жетелеп келет.

“Азыр клиенттерге талап кое турган заман эмес менимче. Атаандаштык күч. Көп учурда кардарлар өзү талап коюп калган. Албетте алардын айтканына жараша иш кылууга аракет кылыш керек.  Убакыт менен сапат кардарды узакка кармап берет. Андыктан бул тармакты баштайм деп тургандарга мен ушул нерселерди кеңеш катары айтаар элем”,- дейт Ош шаарындагы “Максимум” полиграфия борборунун жетекчиси  Марат Абдыкайым уулу.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген