Жардыргыч заттарды саткан соодагерлер 1000 сомдон 50 миң сомго чейин айып пул төлөшөт

Соодагерлерге базарларда жардыргыч заттарды сатпоо жөнүндөгү эскертүү бир ай мурда берилген. Бирок рейддин жүрүшүндө ага моюн сунбай, пиротехникалык заттарды сатып жаткандарды коопсуздук кызматкерлери аныктады.

Кандай уруксаттын негизинде товарларды алып келип жатышкандыктарын айта алышпаган  соодагерлер жаңы жылга утурлай жардыргыч заттардын түрлөрү дагы көбөйүп келээрин билдиришти.

Сатуучулардын айтымдарында,  жыл сайын эле өрткө каршы кызматтан уруксат кагазы берилет. Уруксат кагазы менен протехникалык заттарды базарларда эмес, имараттардан 100 метр алыстыкта сатса болоорун коопсуздук инспекциясы тастыктады. Себеби жардыргычтардан өрт чыкса соода-жайларын жалмап кетүү коркунучу бар. Андыктан соодагерлер колдонуу ыкмаларын кардарларга түшүндүрүп, анан сатуулары керек дешет адистер.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Ош шаарындагы бөлүм башчысы АсанМамраимовдун билдиришинче, рейддин алкагында мыйзамга баш ийбеген 10го жакын соодагерлерге эскертүү берилип, протоколдор түзүлдү. Мындан кийин дагы жардыргычтарды саткандар аныкталса айып пул төлөшөт. Акчалай жаза пиротехникалык зарттардын түрүнө жана кубаттуулугуна карап 1000 сомдон 50 000сомго чейин жетет.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Нуржамал Баргыбаева

Оператор- монтажер: Кымбатбек Абдисамат уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген