60 жаштагы жалгыз бой эне кызынын өмүрүн сактоо үчүн жардам сурайт

Олтиной Нишанова 32 жашта. Кокустан эле ден-соолугу начарлап, ооруканага кайрылган. Көптөгөн текшерүүлөрдөн соң, дарыгерлер ага ашказан рагы деген диагноз коюшкан.

Учурда ал 8 айдан бери төшөктө оору менен алышып жатат. Өз алдынча басып, тамактана да албайт. Олтинойдын апасынан башка эч кими жок. Атасы көп жыл мурун кайтыш болгон. Апасы мамлекеттен 1800 сом пенсия алат. Ал акча дарыга эмес, тамак ашына да жетпейт.

“Кызым марттан бери ооруп жатат. 4 жолу химия алды. 1 химия алганына 8 миң сом төлөймүн.  Ар кимден карыз алам, туугандар ,кошуналар жардам берип жатышат. Мен бир жерге барып иштейин десем жашым да 60тан ашып калган. Өтө оор абалда калдым”- дейт Розухон  Носирова.

Бул үй-бүлө жөнүндө Он-Адыр аймагы кабардар. Айылдаштары мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамдашып жатышканын айтышат.

 “Биз кошуналар материалдык жардам бере албасак дагы, моралдык жактан колдоого аракет кылып жатабыз. Тез эле кирип кабар алып, оор иши болсо жасап беребиз”- дейт  Дилрабо Жапарова.

Олтинойдын апасы коомчулуктан жардам сурайт. Кайдыгер эмес , колунда бар жарандар тамак-аш, кийим кече, жана акчалай жардам көрсөтүүнү кааласа,  0551 90 94 03 номерине байланышса болот. Мындан сырткары ушул номерде элсом капчык аркылуу акча каражатын которсо да болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген