Жарандык коом президентти колдоп, жемкорлук менен күрөшөт

Кечээ, 6- декабрда Жогорку сот жана Ак үйдүн алдында тынчтык митинги өтүп, анда жарандык активисттер сот, укук коргоо системасы жемкор кызматкерлерден арылышы керектигин айтышты. Мындан тышкары Жогорку соттун судьялыгына тандалган талапкерлерди президент бекитпесин деген сунуш айтылып, коррупцияга бөгөт коюуда чабал иштеп жаткан УКМК жана Башкы прокуратуранын дарегине ачуу сындар багытталды.

Укугу тебеленген жарандардын  үмүтүн коррупцияга күрөш күчөйт деген чечим жандантты. Акыркы  эки жылда укук коргоо органдары тарабынан  76 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын  жарымы кыскартылган. Алардын ичинени 30%ы сотко жетип, 10%ы сот жообуна тартылган. Мындан улам өлкө башчысы жемкорлуктан эң ириде укук коргоо,  сот системасы тазаланыш керектигин  айткан.

Мамлекет башчысынын  чечкиндүү кадамы жарандык коомдун да колдоосуна арзыды.  Укук коргоочулар паракорчулук боюнча  башталган иштердин аягына чыгуу үчүн  бирге кызматташууга даяр экендигин билдирди. Бирок,  коррупцияга каршы күрөшүүнүн алгачкы этабы катары, Жээнбековдон жакында тандалган Жогорку соттун алты судьясына кол койбошун  суранышууда.

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, жалпы жарандык коом президенттин демилгесин колдойт.

“Биздин балдарыбыз мыйзамдуу, укуктуу өлкөдө жашашы үчүн Сооронбай Жээнбековду колдойбуз, коррупция менен күрөшүүгө жардам беребиз. Ар бир кыргызстандык жаран жемкорлордон тазалануу үчүн эч жакка качып кетпей, өлкөдөн чыгып кетпей Кыргызстаныбызды оңдойбуз”,- дейт Карасартова.

Коррупцияга каршы кызматы эки жыл ичинде 485 кылмыш ишин козгоп, анын 118и сотко жөнөтүлсө, 37 иш боюнча  өкүм чыккан.  Бул көрсөткүч өтө эле аз болуп, кызматтын иши солгун жүргөнүнөн кабар берет. Андыктан айрым талдоочулар  коррупцияны кыскартуу үчүн тиешелүү мекемелерде кадрдык өзгөртүүлөр  болушун каалашат.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: “Мамлекет канчалык каржылап, грант тартып, реформа кылса да, ошол системада иштеген адамдар тазаланбаса, анда эч нерсе өзгөрбөйт”,- дейт.

Сооронбай Жээнбеков паракорлукка каршы бекем турганы менен, башка бийлик бутактарында бирдиктүү аракеттер жок. Ошондуктан, президент тазаланууну эң оболу жемкор атка минерлерден башташы керек дешет айрым коомдук ишмерлер.

Буга чейин  ар бийликтин тушунда коррупция менен каршы күрөшүү багытында түрдүү механизмдер иштелип чыккан. Бирок баары натыйжасын берген эмес. Мындан улам  өлкө башчысынын  демилгеси сөз жүзүндө калбай, эртерээк жыйынтыгын берсе  дешет  коомчулук.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген