Жапыкеев: Мамлекеттик бюджетке 1 млрд 100 миң сом зыян келтирген кылмыштын бети ачылды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы(ЭККМК) Кытайга ири өлчөмдөгү акча каражатын чыгарып жүргөн жарандын бетин ачты. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасы Сыймык Жапыкеев билдирди.

Маалым болгондой, КРнын Финансы полициясынын Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондору боюнча бөлүмү салыктарды төлөөнү жашыруу менен байланышкан кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Ошол учурда Кытай өлкөсүнүн аймагына товарларга төлөм деп жамынып алып, 180 млн АКШ долларын мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишин аныкталып, жолуна бөгөт коюлган.

Аталган кылмыштуу топтун аракетинен улам, салыктарды төлөбөө жолу менен жалпы 1 млрд 100 млн сом өлчөмдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген.

«Ушул жылдын 29-октябрында Кытайдын аймагына акча каражаттарын чыгарууну жүзөгө ашырып келген “А.У.” деген жаран кылмышка шектүү деп кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

30-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кармалган адамга карата Бишкек шаарынын 1-тергөө абагына (камакка алуу) түрүндө жаза чарасын колдонду.

Бул факт КРнын Жазык кодексинин 215-беренесинде (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды»,-деп билдирди Жапыкеев.

Учурда аталган иш тергелип жатат. Ага тиешеси бар адамдар жана аталган каражаттардын келип чыгышы аныкталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.