Жапаров ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына видеоконференция форматында катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Казакстандын төрагалыгында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу жыйынына катышат.

ЖЕЭК мүчө мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет. Анын ичинде 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграциянын стартегиялык багыттарын өнүктүрүүдө камтылган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу.

Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык биримдикте жүк ташууларга байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу, Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетинин долбоору, ЕАЭБдин 2022-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле интеграциялык процесстерге байлаынштуу башка маселелердин каралышы күтүлүүдө.

ЖЕЭКтин бул жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин органдарындагы төрагалыкты Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси да каралат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.