Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселе боюнча 21-октябрда жалпы республикалык кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу жаңы дайындалган мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда айтылат.

Касмамбетовдун билдирүүсүнө таянсак, республикалык кеңешмеге айыл өкмөттөрдөн баштап, өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышат.

«Ошол жерде кеңири сөз болот», – деп кошумчалады мамлекеттик катчы.

kabar.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.