Жапаров мамлекеттик кызматка жаңы кадрларды тартууну баштоо жөнүндө жарыялады

Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында КР премьер-министри Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык:

– Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

– Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

– Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды (финансы полициясы);

– Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;

– Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген