Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат

Президент Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барып, анын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) бейформал жолугушуусуна катышат.

Аталган иш-чарага Белорусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.