Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына видеоконференция форматында катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчылар кеңешинин мааракелик жыйынына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйын Беларусиянын төрагалыгында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Шериктештик алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бир катар билдирүүлөрү кабыл алынаары пландалууда. Негизинен, Шериктештиктин 30 жылдыгы боюнча, биологиялык коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтык боюнча, миграция тармагындагы кызматташтык, Шериктештик жарандарынын шайлоо укуктарын коргоо, ошондой эле башка тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтер.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.