Жапаров Казакстандан эмделген кыргызстандыктар үчүн чек араны ачууну өтүндү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учурунда чек араларды ачуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Коронавирус вакцинасына каршы эмдөө паспортторун эки өлкө өз ара тааныганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын эмдөөдөн өткөн жарандары үчүн Казакстан Республикасынын чек арасын ачууга көмөк көрсөтүшүңүздү өтүнөм”, – деген Жапаров

Билдирүүдө бул боюнча казак тараптын жообу айтылган эмес.

Ноябрдын башында Акылбек Жапаров “Европа биримдиги-Борбор Азия” экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуп, чек ара темасы талкууланган. Анда эки өлкөнүн профилдик министрликтери бул маселени карап чыгары айтылган. Бирок расмий адамдар Казакстан чек арасын качан ачары тууралуу маалымат бере элек.

2020-жылдын жаз мезгилинен бери Кыргызстан менен Казакстандын өткөрүү пункттары кыргызстандыктар үчүн жабык. Кыргызстан жарандары Казакстанга учак менен гана бара алышат. Ошол эле маалда казакстандык жарандар Кыргызстандын чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.